
Бүгүн Бишкек шаарында белгилүү коомдук ишмер, агартуучу, илимпоз-педагог Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркум акыркы сапарга А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан узатылды.
Коштошуу зыйнатына маркумдун жакындары, мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү, коомдук жана маданият ишмерлери, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Жыйын учурунда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, экс-президент Роза Отунбаева, коомдук жана мамлекеттик ишмер Роза Акназарова жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиев сөз сүйлөштү. Алар Роза Айтматованын өткөн өмүр жолун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын эскеришти.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованы кыргыз элинин көрүнүктүү кыздарынын бири катары баалап, аны Каныкей жана Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсандарга салыштырды.
Ошондой эле мурдагы президент Роза Отунбаева өз сөзүндө Роза Айтматованын физика-математика илимдеринин кандидаты болгонун, университетте сабак берип, проректорлук кызматты аркалаганын, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоодо, гендердик теңчиликти жана жарандык коомду өнүктүрүүдө зор эмгек сиңиргенин баса белгиледи. Анын жетекчилиги жана демилгеси менен жүз миңдеген аялдар билим берүү программаларынан өтүп, укуктык сабаттуулугун жогорулатканы айтылды.
Маркум атасы Төрөкул Айтматовдун тагдырын иликтөөгө жана «Тарыхтын актай барактары» аттуу китепти жазууга өмүрүнүн чоң бөлүгүн арнаган.
Эске салсак, Роза Айтматова 27-октябрда 89 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал илимге, билим берүүгө жана коомдук ишмердүүлүккө зор салым кошуп, Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери наамын алып, «Манас» ордени жана «Данк» медалы менен сыйланган.






