АКШга туристтик виза алуу эки жыл эмес, 60 күндүн ичинде каралат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Лесли Вигеринин айтымында, АКШ креативдүү, санариптик жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууга өзгөчө көңүл бурат. Ал ошондой эле кыргызстандыктардын АКШга туристтик виза алуу боюнча арыздары мурдагыдай эки жыл эмес, 60 күндүн ичинде карала турганын кошумчалады.