Эки эс алуучунун өлүмүнөн кийин президент коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды

Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды»,-деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Экөө 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылды.