Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын Н.Н. уулу аттуу тургуну мыйзам талаптарын бузуп, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган.

Өз кезегинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта Н.Н.уулунун алтын казууга уруксат кагаздары жок экенин билип туруп, 12 миң 384 чарчы метр жердин үстүнкү катмарын бузууга алып келген фактыны жашырышкан.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 853 миң 273 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306-беренеси (“Жерди бузуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.