Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

23-январда Маданият министрлиги “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Андан соң социалдык тармактарда басылманы жабууга үндөгөн посттор чыга баштаган.

Эске салсак, январдын башында дагы Kaktus.Media басылмасына карата ушундай чабуулдар болгон. Ага чейин Kaktus.Media президенттин кайрылуусу хромакейдин фонунда тартылган деп божомолдогон. Редакция журналистика принциптеринин талабына ылайык, ката кетиргени үчүн окурмандардан жана президенттик администрациядан кечирим сурап, материалды сайтынан өчүргөн. Бирок, буга карабай, массалык маалымат каражатын жабуу боюнча агрессивдүү чакырыктар бир нече күн бою уланган. 

Bulak.kg социалдык тармактарга саресеп салып, ЖМКлардын жабылышын кимдер талап кылып атканын аныктады. 

Биз YouScan ресурсунун жардамы менен 2023 -жылдын 1-январынан 26-январына чейин социалдык тармактарда төмөнкү сөздөр камтылган бардык комментарий жана постторду алып чыктык:

  • “Азаттык” жабылсын” 
  • “Кактус” жабылсын” 
  • “бузуку сайт жабылсын” 
  •  “бузуку сайттар жабылсын” 
  •  “Азаттыкты” жапкыла”  ж.б.

Комментарий жана посттордун басымдуу бөлүгү 1-январда, Kaktus.Mediaнын хромакей тууралуу макаласы чыккан күнү жана 24-январда, Маданият министрлиги “Азаттыкка” карата доо арыз калтырган соң пайда болгон. 

qZcFqEpAW oslG nW1vKqt1zxSWRP kvtBQT1hEXxw29RJ7 XhRzXZMMKRuzJwAcGVJkjmwm5nO1sv3 byYh9qq76MrkwFaVvWXmStEcbcwe5RkSyi8zrcqJZB CPEioR67O5VKTLriHnlFvMQ4bc1g Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга үндөгөн маалыматтын 91%ы Facebook социалдык тармагында жарыяланган. 

Мындай пикирдин 9%ы YouTube видео хостингинде жана  1%га жетпегени Instagram ж.б. тармактарда жазылган. 

Бардыгы болуп жогоруда айтылган сөздөр камтылган 659 комментарий жана пост калтырылган. Бирок алардын баары негативдүү контекстте берилген эмес.  

Мисалы, система Жакшылык Бердибек уулунун “Азаттык” тууралуу сурамжылоосун жана анын алдындагы 34 пикирди дагы алып чыккан. Себеби бул постто дагы биз издеген “Азаттык жабылсын” деген сөз айкалышы камтылган. 

n7QUYSL OUoBoF0HkReN7 iD599PvM0sIQ6vUZEpjJ aipPQSvWXN0UpxR42EI1qDIiEs0RPiJcgyePp9x gvIq Gwb7V4G1ImF3hxEoW05uISirDrD9pVc2YUjNJnghGYzi5x QOl vs462EdimS4M Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жакшылык Бердибек уулунун сурамжылоосуна негизинен чыныгы колдонуучулар катышып, алардын басымдуу бөлүгү тескеринче “Азаттыктын” жабылышына каршы пикир калтырганын көрө алабыз. 

dQjRCbVp54ZTfgQAv4w2RiVR4Yr8pN9FulZMVVwMGNJS1HsD6POgS45knyJEGRpq 2R2tOK9VlLAiKys 1aeF 3IExHVxFJyVEtpu8tbPQ8ekLXDN5HAbGz GZ6HK GtKJQyspSC205eLw0b82j3 jA Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Андыктан, биз эркин медиаларга каршы эң көп билдирүү калтырган авторлор ким экенин талдап көрдүк.  

Фейк-аккаунттар менен УТРКнын байланышы 

Система эң көп билдирүү калтырган авторлордун тизмегин чыгарып берди. Алардын ичинен алдынкы 5 колдонуучуну карап көрөлү. 

qVLIEkpetXIinRjtdkMBIz5ROe3FlnjdKD7SX97hV 9ffPVG3ekEGIYtCX6Yr1M1nngRbKgZbk22G8Z39IXcqDmKb ymjapl1Qdfl8d7ZnZIYGkJbmvaDAgNn7l2fnvYaa4Uh1midaD1QMZVTqoDGdQ Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

ЖМКлардын жабылышын эң көп талап кылган колдонуучу Yasmin Kudratulla алгач Kaktus.Media басылмасына чабуул кылса, кийин окшош тексттерди “Азаттыка” карата калтырып баштаган. Бул колдонуучу бардыгы болуп 23 тайпага бирдей чакырык калтырган.   

HqTgVSUesPRZ1wrnL8u5gGZIsYD4EW F9 C6Wx9XKjy xwRBfHkj0YWptei8r2xR3m0vtJGxFL6gR8KDoLyIN Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
cjsf Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Анын баракчасынан чыныгы профилге таандык белгилер табылган жок: 

14GJrkmP4AD8a3g aofJ63XYw EbpOLcup8pslAw8Oe5K8UBYdQPGDtW0dvyZs3CtjDqdMcwXeDM3OfEIH1FGucVWN89tQGWgCTI07Tu5HbtwllghGTBWxdMe8BMlr663oP6T1XHvk97ZC89C91 Vw Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетчү жагдай, Yasmin Kudratulla президент Садыр Жапаровду мактоого алган посттор менен дагы бөлүшөт.

s R7JXOQbZrifC r1PkhftynKBeHqzVokN6as 1OsnNw6vvK2dU5ocuExIk1 NrYNNegIn0EWLre4vLg7gnlWZlW5shG72m1WUjX44iktWHZOjo371IKaYcADlOLPO30SSEyYIPdWxeA uT lTBd5bs Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Ал эми Малика Тургунова аттуу колдонуучу “Азаттыктын” жабылышын талап кылган билдирүүлөрдү 19 ирет түрдүү тайпага калтырган. 

j hpIdI2l02l Kqv EFhNNXb6sGFuQl3ltvO6WOM25oRFUJ8tR2DKr46OB4iCOodGXhGZivxDPdWzdPkiqI2px HUc25 bjC5DRA7BRnzk81ScPV6GZRyXtXR3yDfPFhPzvpTm2Ggs0vojZ2qlLm uo Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Эми Малика Тургунова фейк экенин далилдеп берели. Ал аватарга розанын сүрөтүн койгону менен, мукабада башка кыздын сүрөтүн колдонгон. 

. qwnowk iw6bWN23o0jbUb12dmO4L8Im2KHw7Bk6bOl0j 1BJXa Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? Lnsa S2TDxOdSlFhYG715WJmHxg2LAbaLL7gyX1DpQthuVln9tLbF0lVuy2b7 oF7aL6pWGOKnoR5XAJDCKjR1Doi4sDLIXW3gusj Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетсек, бул фейк-аккаунт УТРК чыгарган маалымат менен байма-бай бөлүшүп келет. 

QUGZowRnCHK9iPIznoHyGhpX5DciIbLm40snIooSpMSu39 Sp0UsG1NTWCmHYpUnEiF7SAbyf7ypIm0dM0R6jWSzMjUOwS HblFiifwsRWDkCP4Y VPUU18NlIMOs5zlZiOVaNFHQ5qpvufZCZ7FdBI Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
vvxshCBIrxcdeWPsJ NG rInlqIuePuWEic4R5s6zC0Q NAShfE9eS1hIRT kZ8aD0fek9r8lpnIK8t6l0rYEIscNMRZtemEHXGxQnVt Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

 “Азаттыктын” жабылышын талап кылган дагы бир күмөндүү аккаунттардын бири – Өмүр Өмүрбек. Анын профилинде бир гана алыстан тартылган сүрөттү көрүүгө болот. 

Өмүр Өмүрбек ошкош текстти 17 ирет түрдүү тайпаларга калтырган. 

d Ukb4Rk2JfpjPTQ2OBhRQt2L0naK43iFoJori3i7c0ozh9uNt6throAULc8nkl7o0IebMdLdrkBtyeieogbqRqGnkOv8xcBz Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
uCk75cchUZ4Dv33dlkQ5847AmVB6ifOcQ5 nlYRuR VOrg4x9IrekyQ6jTPxcyrNAqG0tCgxL2ro oY7 2Lt NFOlyXyr 8ZkQt HSn5vMxaCF7u4B35fYR0X UsoK65E2LTac4ooapquqO3F4wdQ5E Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Анын пикирин “тең бөлүшкөн” Жамал Бийназарова дагы  Kaktus.Media менен Kloop басылмаларына каршы билдирүүлөрдү жазып жүрүп, кийин Yasmin Kudratulla сыяктуу көңүлү “Азаттыкка” бурулган.   

Nh0GwjwIf3eH237Ubt Rc74vnDh7bLWEXalQYiu6Oc6LzvxJo Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
uiZ5yb95JC9NVjK1lRW6aR4nUzmOab8VgHjDLgyXBa6d7qO3MevjS3oTLedCdh6 QdL APiRpQDwBcN4U1lMvhT3714oY78tvBnrVFRMcRSZd80c lmjqGLoCKpJE3jgo9DHGtR48y8ro q4mb4gD20 Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Баса, Жамал Бийназарова дагы фейк – анын аватарга колдонгон сүрөтүнүн бири Интернет айдыңында буга чейин 36 ирет жарыяланган.

BW2wshhrAKTY1eR94kBxMHuHObPxD qBxwj4cHaRJ8DT 4zQFNvWY3wm8fmbBlT1ZBz09CXnn9vR3RMWOMVtR9Ih WBLOpRdJiA0M6Qo9MUbiFkgXI72w dKcXcIC 404aYNyeJoXaPlsoFgSkUhdWA Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
doPOpW8p2dbFsul8DzuWeuojjxWyMxLne4zrlf20dLlwagOvZAK0m0PoAfMeDnFSfcXyIuY6RhZwZgoQZxhPJw TibjJjGpUbXa e sxE PksHpQUaBJR4QZHsg6BJzZM zy68a5E2kB9t8 PHPbpEg Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жамал Бийназарова аттуу фейк аккаунт Kaktus.Media, Kloop, Azattyk басылмаларына гана каршы болбостон, иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу дагы терс билдирүүлөрдү калтырган. Ал Темиров тууралуу пикирин бардыгы болуп 25 жолу бөлүшкөн. 

DDkU4gn6gS Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
SHTS6EiW7hi8ebOnLvBabRO2qMlt E965vvpIEBuX6jc3BEvxm4HNE Gjj6dQ1RvlFqFvBLJz4 JkpmDpoXv8hrI6GmeGEYbNPmNnTHLHkgE0E5xu4H 6Tbf g0l3Q23fvDPk7vSdAM5m1g8eC47ON8 Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

ЖМКларга каршы чыккан бешинчи аккаунт Айзада Атабаева аттуу колдонуучуга таандык. Ал Kaktus.Media басылмасынын ишмердүүлүгүн токтотууга үндөгөн 14 билдирүү калтырган. 

OnTBcC5Uv33QnB6ijAlYhaljKBOjMorNiSc c Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Айзада Атабаева Болот Темиров Россия жараны экени айтылган тасма менен дагы бир нече ирет бөлүшкөн.  

VUCCqNRd Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Белгилей кетсек, бул колдонуучуну УТРК кызматкери Usubaly Kaganat өз билдирүүлөрүндө бир нече ирет белгилеген. Эске салсак, Усубалы буга чейин профилин USB Mb деп атап, УТРКнын башка кызматкерлери менен бирге Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин жактап чыккан. Мындан тышкары, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп аткан учурда жарыкты үнөмдөө тууралуу окшош постторду бөлүшкөндөрүн бири болгон

7PFlTPFhFEaflLiQqiLZ ZL5alF5xtztGXvfCjly6VGLTaOT2vS4NQXtnuuEMAr0Lyvo8S1 3HQvPDnMMnmRLACeLBOxqlty3Mp9w72 SZ14133hw1P7oF0UJnIdggBlKN4E6x9 IiA2iU8GlJt6Rag Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
SdLi7 RRmrG4RnWxRxqSGA2dQMMmqs9OQwPg7USlSqFEVSB0e MkNxyTZjaJatJeuBZ3tYmMdqsuQeShoBwqybl4enUborTmufoI5fesUt7fj SO4qLZv4DDvlrcP6GwNwG 8fCMh70G0EVD 1q2uEI Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
bYqFOfLLz99kpK kKfxYZ4hJKdN2MD3MEC7MdJ7rU7GoMjpo0tnEpnvkOVJkE3KGEwJcaUqjlY9kPYQ QEVEoYPovaF4X TRrW7irm2ycc1eihno2lEv iQSu UzrrjctHn9eTbgbAac8ehVp7WAXN8 Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Баса, УТРК кызматкерлери дагы социалдык тармактарда Kaktus.Media басылмасынын жабылышын талап кылган. 

YgAeluP4hC1WsQGEOCiFWmQKKl5dImXkVImAsHD ay0AhjVsH1IGz n3UaxB5xe YTSkT3dxQknQ518FXTHsi0 Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
EsopeCArwAMkiEM2WVWwdmlWVLSpLTEbtG GZG1Pm0vwS7ziV7YIJFfq079jprbsP1fklzo2bL3RLKw0UMu7avtLvc56QiHlu axkB0 MjK8wCc2WJqkHedgN4HBFyBBUS1sHI kLiZEdl8ivu25q9c Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 
ePODT7kH1xsgdcRoQW4m1Ox ZttbBtC85dB9VO4gzobbwgygHyIIWB xfaN7J7CPrfVnUNPd mKQly7HfqbqmQkZKCctE3lGoltYD 3A3EpHCFZm7KFpkHts82tN 6aPQN9YaNSwbBlJ7qTrpUfJEX0 Фактчек: “Кактус медиа” менен “Азаттыктын” жабылышын талап кылгандар кимдер? 

Жыйынтык: Эркин медиаларды жабууга үндөгөн эң көп билдирүүлөрдү фейк-аккаунттар калтырган. Алардын риторикасы УТРК кызматкерлеринин жазган комментарийлерине түспөлдөш.