Жеңил унаа жөө өтмөктөн 23 жаштагы кызды сүзүп кеткен

Бишкекте күн мурун саат 20:50лөр чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында жеңил унаа жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, BMW үлгүсүндөгү унааны 22 жаштагы А.Р.Т. аттуу жигит башкарып келе жаткан.

Кырсыктан жабыркаган 23 жаштагы К.А.К аттуу кыз ооруканага жеткирилген.