
Москвада мекендешинен «жеке сүрөттөрүн таратам» деп коркутуп, системалуу түрдө акча талап кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
24-апрелде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы кыргызстандык кыз көптөн бери акча талап кылып жүргөн мурдагы жигитине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыз 2022-жылдын ноябрь айынан бери системалуу түрдө акча которуп жүргөн.
Аталган факты каттоого алынып, иштер жүрө баштаган. Кылмышка шектүү катары 28-апрелде 2001-жылы туулган жаран кармалган. Ал ушундай жол менен 66 миң рубль алган.