Назарбаевдин мурдагы келини 7 жылга эркинен ажыратылды

Байкоңур райондук соту Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын мурдагы жубайы Гүлмира Сатыбалдыны өзүм билемдик жана адам уурдоо иши боюнча 7 жылга эркинен ажыратты.

Сатыбалды “киши уурдоону уюштуруу”, “ээнбаштык” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот аны “Күрмет” мамлекеттик сыйлыгынан ажыратып, ишкер Турсен Алагузовго келтирилген 15 млн. доллардан ашык материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүүгө милдеттендирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча Гүлмира Сатыбалды 2020-жылы Алагузовду Galanz bottlers компаниясындагы 43% акциясынан баш тартууга мажбурлаган. Моралдык-психологиялык басым көрсөткөн.

Тергөө Гүлмира Сатыбалды «Макси Боттлерс» компаниясынан “Макси Чай” товардык белгисин тартып алып, аны өзүнүн кызматкери Айгүл Мекешевага каттатканын аныктаган. Аялга компанияны дефолттон алып чыгууга буйрук берилген, бул үчүн ага Galanz bottlers компаниясынын 5% үлүшү убада кылынган. Мекешева тапшырманы аткаргандан кийин аны уурдап кетишип, ишкананы Гүлмира Сатыбалданын ишенимдүү адамдарына өткөрүп берүүгө аргасыз кылышкан.

Сот Сатыбалды менен бирге анын кол алдындагы Мади Батыршаев менен Рашид Утебековду да күнөөлүү деп тапты. Тергөөнүн версиясы боюнча алар Мекешеваны барымтага алууга жана бизнесин тартып алууга катышкан. Батыршаев жети жылга, Утебеков беш жылга эркинен ажыратылды.

Гүлмира Сатыбалды сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук деп атады. Сатыбалды ошондой эле 20 жылдан ашык убакыттан бери Назарбаевдин иниси менен расмий никеде турбаганын белгиледи. Ал Алагузов компаниянын жетекчиси эмес экенин, аны жабырлануучу катары кароого болбой турганын айтты. Ал “ээнбаштык” боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Galanz Bottlers компаниясынын 5% үлүшүн Мекешовага которбогонун ырастады.

Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды «Казактелеком» жана «Транспорттук сервис борбору» компанияларынан он миллиарддаган теңге кымыруу айыбы менен алты жылга эркинен ажыратылган. Соттун жүрүшүндө ал бул компанияларга келтирилген чыгымды төлөп бергени айтылган.