Москвада мекендешинен «жеке сүрөттөрүн таратам» деп коркуткан адам кармалды

Москвада мекендешинен «жеке сүрөттөрүн таратам» деп коркутуп, системалуу түрдө акча талап кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

24-апрелде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы кыргызстандык кыз көптөн бери акча талап кылып жүргөн мурдагы жигитине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыз 2022-жылдын ноябрь айынан бери системалуу түрдө акча которуп жүргөн.

Аталган факты каттоого алынып, иштер жүрө баштаган. Кылмышка шектүү катары 28-апрелде 2001-жылы туулган жаран кармалган. Ал ушундай жол менен 66 миң рубль алган.