Кореядагы SITF көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандан аталган иш-чарага сегиз туроператор катышууда. Алардын сапары менен павильондун ишин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштуруп берген.

«Бул биздин ишмердүүлүгүбүз башталгандан бери катышып келе жаткан 11-эл аралык көргөзмөбүз. Бизге Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жана ардактуу консул Ким Хо Сенг жардамдашып жатышат. Бүгүн көргөзмөнүн алкагында өлкөбүз жөнүндө таанытым жасалып, корей тилинде 5 мүнөттүк видеоролик көргөзүлөт. Андан соң Кыргызстандын туристтик потенциалы жана Фонддун долбоорлору жөнүндө айтып беребиз» — дейт Фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.

Анын айтымында, көргөзмөнүн жүрүшүндө I’m nomad бизнес-форуму уюштурулат.

«Ал эми эртең болсо Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу кызматташтыгынын тарыхындагы эң ири иш-чараны — 300 конок катышкан I’m nomad бизнес-форумун өткөрөбүз. Ал биздин өлкөгө Корея тараптан келген туристтердин агымынын көбөйүшүнө стимул болуп берет деген ишеничтебиз. Анткени, бул биздин максаттуу рыногубуздун бири болуп саналат. Кореялык инвесторлор биздин өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорубузга да кызыгып калышы да мүмкүн», — деп кошумчалайт Кайрат Итибаев.

df3dfd06 4e57 4fdb b4d2 1cb4daf46737 Кореядагы SITF көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды
d0e58360 95db 45d8 b24a 2c3b868aede3 Кореядагы SITF көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды
photo 2023 05 04 14 47 25 Кореядагы SITF көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды
photo 2023 05 04 14 48 20 Кореядагы SITF көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды