Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

Белгилей кетсек, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Министрлер кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

6316dd1d52dc0 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1d2da3c Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1de257e.jpg.pagespeed.ce.Z0idBNaW7I Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1d86488 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1e3a048 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1cd62e8.jpg.pagespeed.ce.fpWZMr81oa Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1d31160 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd0c10669 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1ce0d9c Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1c98b53.jpg.pagespeed.ce.wDG3sElIK1 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
6316dd1c9b589 Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды
  1. Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», — деди ал.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.