Жапаров МИК аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы мурдагы № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы турак жай кичи районунун курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган турак жай комплексин куруу пландалууда.

Таанышуу учурунда Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Президент айткандай, мектеп курулбаган жерге түрмө салууга туура келет. Өлкөбүз өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады, мектептер, жолдор, бүтүндөй кичи райондор курулуп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Президент бул милдетти алдыбызга койду”, – деп баса белгилеген министрлер кабинетинин төрагасы жаңы турак жайларды курууда табигый мүнөздөгү тобокелдиктерди эске алуу менен курулуш нормаларын сактоо керектигин кошумчалады.

645369867c979 Жапаров МИК аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты
6453698382bc1 Жапаров МИК аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты
645369860879e Жапаров МИК аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты