Байсалов: Президентке ишеним көрсөтпөө сунушу – Бекназаровдун эле каалоосу

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар бүгүн 4-майда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, “коомдук импичмент” деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганын айтышкан.

“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, — деп айтылды кайрылууда.