Жүк ташуучу унаа өрттөндү

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт айланма унаа жолунун 110-чакырымында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:03тө Кемин райондук №5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Жүк ташуучу унаадан чыккан өрт 13:18де толук өчүрүлүп, материалдык чыгымдары жана себеби такталууда.