«Ынтымак» телеканалынын алып баруучусу сабалды

Ошто «Ынтымак» телеканалынын алып баруучусу сабалып, реанимацияда экени айтылды. Кызматкердин кесиптеши Facebook баракчасына жазган билдирүүдө сабагандар «Эмаком» курулуш компаниясынын кызматкерлери болгон.

Ал эми Ош ШИИБнын тергөө кызматы окуя катталганын айтып, анын чоо-жайын кабарлашты.

Малыматка ылайык, кечээ, 3-май күнү болжол менен саат 18.00 чамасында Ош шаарынын Ош шаарынын Ашимахунов-26 дарегинде жайгашкан, Эмаком курулуш компаниясы тапабынан жаңы курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн жанында аталган компаниянын өкүлү 2000-жылы туулган Б.Т. менен ошол көчөнүн жашоочусу Т. уулу Т. менен пикир келишпестик жаралып, натыйжада Б.Т. тарабынан күч колдонулуп, Т. уулу Т.ны көтөрүп чапкан.

«Натыйжада, Т.уулу Т. денесинен оор жарат алып, Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Окуя Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүндө катталып, бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Жабырлануучунун жаратын аныктаган соттук-медициналык экспертизадан соң, анын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан кошумча беренелер коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча шектүү Б.Т. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка кечээ киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.