Кыргыз-Түрк Республикалык Анадолу Лицейи жаңы окуу жылына сынакка чакырат

Кыргыз-Түрк Республикалык Анадолу лицейинде абитуриенттерди тандоо сынагына катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 26-майга чейин уланат. Бардык 8-класстын окуучуларын бекер жана сапаттуу билим берген лицейибизде 3-июнь күнү боло турган тандоо сынагына чакырабыз.

Регистрация:
Дарек: Бишкек. Микрорайон Джал. Тыналиева 44A
Телефон: 0312 49 10 93
Эл. почта taplink.cc/anadolu
Веб-сайт: www.ktal.meb.k12.tr
Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн Макулдашуу жана протоколдорго ылайык ачылган Кыргыз-Түрк Республикалык Анадолу лицейи 1992-1993-окуу жылында ишмердүүлүгүн баштаган. Анадолу лицейи сапаттуу академиялык билим берет.

Окуу мөөнөтү жалпысынан 4 жыл, анын ичинде даярдоо + 3 жыл билим берилет. Даярдоо классында түрк жана англис тилдери окутулат; лицейде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт, ал эми англис жана орус тилдери сабак катары окутулат. Лицей мамлекеттик билим берүү мекемеси болгондуктан, акысыз билим жана ошондой эле окуучулар үчүн түшкү тамак бекер берилет.

Лицейге ар бир окуу жылында 8-классты аяктаган 50 кыргызстандык, эркек жана кыз окуучулар сынактын негизинде эки класска кабыл алынат. Лицей артыкчылыкка ээ болгондуктан, жылына орто эсеп менен 400дөн 600гө чейин талапкер сынакка катышат. Ачылгандан мезгилден бери лицейди 753 бүтүрүүчү аяктаган. Бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын жана Түркиянын орто билими берүү тууралуу аттестаттарын алышат.
Ошондой эле, алар үчүн Түркияда стипендия менен университетте билим алууга мүмкүнчүлүк бар.