Бишкекте үч маршруттук каттамдын жүрүү багыты өзгөрдү

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, эми №18 автобус Сокулук районунун Исмаил айылынан чыгып, Кызыл-Туу, Күн-Туу айылдарын аралап өтүп, Жаш Гвардия булвары менен М. Рыскулов көчөсүнүн кесилишине жетип токтойт. Буга чейин бул автобус Аламүдүн районунун Маевка айылына чейин каттап турган.

Андан тышкары «Дордой Бис» ЖЧКсына таандык №233 маршруттук каттам Кара-Жыгач конушунун Исакеев көчөсүнө чейин, №234 маршруттук каттам Чүй облустук ооруканасына чейин узартылды.

Кошумчалай кетсек, №233 каттам «Дордой» базары — «Аламүдүн» базары багытында, №234 каттам «Дордой» базары — «Мадина» базары багытында жүрүп турган.