Айымдар 5 күн онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүдөн өтө алышат

Ушул жылдын 30-январынан 3-февралына чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт.

Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришкендей, 5 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Бишкектеги №№ 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.

Ден соолукту чыңдоо борборунан белгилешкендей, аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.