Бардык ооруканаларда акысыз кызматтардын тизмесин жазып, илүү керек, – Жапаров

Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министри бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик бюджеттен саламаттыкты сактоо тармагына 37 миллиард сом бөлүнөт.

«Ар бир оорукананын кире беришинде же сайтында кайсы кызматтар акысыз көрсөтүлөөрү, ал эми кайсыларга акы төлөнүшү керектиги так жазылып турушу керек. Өкмөт кайсыл кызматтарды акысыз көрсөтөрүн эл билиши шарт. Мамлекет саламаттыкты сактоо тармагына 37 миллиард сом каражат бөлөт, бирок жарандар бюджеттин бул каражаты кайда жумшаларын толук түшүнбөй жатышат», — деди А.Жапаров.

Буга чейин маалымдалгандай¸ 2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы – 34,0 млрд сом, ал эми 2023-жылы 37,2 млрд сомду түзөт.