Ошто өз үйүнө келген куралчан каракчылардан эки адам жаракат алды, – сүрөт

Фото иллюстративное

Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, 2023-жылдын 27-январь күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган.
Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганы айтылган.
Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар “Мересед-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн “Тайота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага барып кайрылышкан.
2023-жылдын 27-январь күнү саат 22:11 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы М.А. ич тарабынан жана 21 жаштагы Т.А. бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан заматта “Колго түшүрүү” жана “Чагылган” аталыштагы операциялары киргизилип, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иш чаралар жүргүзүлгөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январь күнү саат 23:21 чамасында “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган. Учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда“, – деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2023 01 28 at 11.39.20 Ошто өз үйүнө келген куралчан каракчылардан эки адам жаракат алды, - сүрөт
WhatsApp Image 2023 01 28 at 11.38.46 Ошто өз үйүнө келген куралчан каракчылардан эки адам жаракат алды, - сүрөт
WhatsApp Image 2023 01 28 at 10.54.04 Ошто өз үйүнө келген куралчан каракчылардан эки адам жаракат алды, - сүрөт