“Толмоюнча айдабайм!”: Бишкекте маршруттун айдоочусу жүргүнчүлөрдүн кыжырына тийди, – видео

Бүгүн, 20-февралда, Бишкекте 260-кичиавтобустун айдоочусу ар бир аялдамада 5-10 мүнөттөн токтоп, салонго толо жүргүнчүлөрдү топтомойун айдоодон баш тарткан. Бул тууралуу Bulak.kgге шаар тургуну билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр нааразычылыктарын айта баштаганда айдоочу: «Эл көп толмоюнча айдабайм, мен да оокат кылышым керекпи? Мен да балдарымды багышым керек. Эгер жакпаса, чыга берсеңиз болот”,- деп жооп кайтарган.

Ал арада нааразы болгон жүргүнчүлөрдүн бири маршруттан чыгып кеткен.