Бишкекте 11 кичи автобустун маршруттук каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 11 кичи автобустун маршруттук каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, канализация коллекторунун курулушуна байланыштуу Асаналиев көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин коомдук транспорттун жүрүү каттамдары убактылуу өзгөртүлдү.

19-февралдан 19-мартка чейин №222, 260, 107, 204,227, 176, 161, 133, 136, 135, 134 кичиавтобустук каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле шаар тургундарынан  алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.

Канализация коллекторунун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун 2-фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.