Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси пара менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) туралуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Д.га жана жер адиси К.А.га жер участокторун мыйзамсыз берүү жана сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, 2023-жылдын 16-февралында 50 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда жер адиси «К.А.» пара менен кармалганы айтылат.
“Кармалган К.А., жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин бергендиги үчүн мурда 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”
, – деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2023 02 17 at 12.51.59 Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси пара менен кармалды
WhatsApp Image 2023 02 17 at 12.52.01 Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси пара менен кармалды