Бишкекте маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкек шаарында №135, 136 маршруттук каттамдардын жана №48 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдардын багыты Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектор төшөлүп жаткандыгына байланыштуу өзгөрдү.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

135 Бишкекте маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү
136 Бишкекте маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү
48 Бишкекте маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү