Бир жумада жол эрежелерин одоно бузган 6737 эреже бузуучулар аныкталды

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын февраль айынын 10-күнүнөн 16-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 6737 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 69 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн;
  • 23 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин карангылаткандыгы үчүн;
  • 4207 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • 72 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаргандыгы үчүн;
  • 200 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн;
  • 1112 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн;
  • 783 башка бузуулар;
  • 614 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.