Ардагерлер – милициянын жаш муунун тарбиялоодо негизги таянычы

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ысык – Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орунбай Кочкоров облустун ички иштер органдарынын ардагерлер кеңештеринин төрагалары менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешменин башкы темасы облустук милициянын өздүк курамы арасында кыргыз милициясынын татыктуу тарыхын улантуу жана жакшы салттарын өнүктүрүү болду.
Кеӊешменин алдында облустук милициянын башчысы, Ички иштер министрлигинин ардагерлер кыймылынын ишинин жыйынтыгы менен татыктуу үчүнчү орунга ээ болгону менен куттуктап кетти. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан өлкөнүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү жети приоритеттүү багыттар аныкталгандыгын белгиледи. Алардын бири, жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык ченемдерди туу туткан кызматкерлерди даярдоо.
“Улуу муундун бай тарыхы болбосо, милиция өз өзөгүн жоготот. Облустук милициянын жетекчилиги да, ардагерлер кеӊеши да, биздин улуу муундун өкүлдөрү мүмкүн болушунча көп иш-чараларга катышып, өздөрүнүн баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүүсүнө аракет кылышат. Патриоттук тарбия милициянын жаш кызматкерлерине абдан зарыл. Ардактуу ардагерлерибиздин басып өткөн жолун карап, биз өз өлкөбүздү жана анын жарандарын кантип сыйлап, коргоо керектигин көрө алабыз”, – деп жыйынтыктады кеӊешмени Орунбай Кочкоров.