
Бул тууралуу Булак.кжге облустук милициядан билдиришти.
 Лейлек районунун аймагында өткөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  соцпедагоктор менен чогуу иш алып барышып,  мектептерде ата-энелер жыйналыштарын өткөрүп, балдардын коопсуздугу боюнча түрдүү темада талкуулар болду. 
  Ал эми мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча суроо-жооптор болду.
  Милициянын көчмө кабылдамасы менен базарлар, соода түйүндөрүндөгү сатуучулар менен жолугуп, пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынгандыгын эскертти.
   Кулуңду айыл аймагы боюнча "Өспүрүм" иш-чарасынын алкагында балдарын көзөмөлсүз калтырган 4 ата-энеге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп,  айып пулдар салынды. 

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы