Бул тууралуу Булак.кжге облустук милициядан билдиришти.
Лейлек районунун аймагында өткөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, соцпедагоктор менен чогуу иш алып барышып, мектептерде ата-энелер жыйналыштарын өткөрүп, балдардын коопсуздугу боюнча түрдүү темада талкуулар болду.
Ал эми мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча суроо-жооптор болду.
Милициянын көчмө кабылдамасы менен базарлар, соода түйүндөрүндөгү сатуучулар менен жолугуп, пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынгандыгын эскертти.
Кулуңду айыл аймагы боюнча "Өспүрүм" иш-чарасынын алкагында балдарын көзөмөлсүз калтырган 4 ата-энеге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
![WhatsApp Image 2022 12 10 at 09.14.02 Лейлекте өткөрүлгөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чарада төрт ата-энеге айып пулдар салынды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-10-at-09.14.02.jpeg)
![WhatsApp Image 2022 12 10 at 09.14.02 1 Лейлекте өткөрүлгөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чарада төрт ата-энеге айып пулдар салынды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-10-at-09.14.02-1.jpeg)
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы