Депутаттын Гүлшайыр Садыбакасовага жеке таарынычы жок, – ЖКнын басма сөз кызматы

Депутат Аида Исатбек кызынын Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага жеке таарынычы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутаты эл өкүлү катары калктын орчундуу көйгөйлөрүн көтөрүп, аларды чечүүгө көмөктөшөт. Депутат Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен Ош шаарындагы Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин көчмө жыйынынын алкагында таанышкан. Ал парламентте аталган маданият мекемесиндеги абалга токтолуп, 22 жылдан бери бийликте турган жетекчилик тууралуу пикирин билдирди», – деп айтылат парламенттин маалыматында.

Алардын айтымында, Исатбек кызы кыргыздын чыгаан композитору жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун ысымын сыймык менен алып жүргөн филармониядагы шарттарды жакшыртуу менен маданият үйүнүн өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында гана маселени көтөргөн.

«Депутат Исатбек кызы  Гүлшайыр Садыбакасова бул пикирди туура кабыл алып, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүүдө жигердүү иш алып барат деп эсептейт. Албетте, депутаттар ар кандай конструктивдүү сынга ачык. Албетте, айрымдар калктын көйгөйлөрү тууралуу пикирлерди жактырбашы мүмкүн. Бирок, депутат Аида Исатбек кызы өз ыйгарым укуктарынын чегинде актуалдуу мамлекеттик жана коомдук милдеттерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштей бермекчи», – деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин Исатбек кызы филармониянын көйгөйлөрүн көтөрүп, директордун ишин кайрадан сунуштаган.

Буга жооп катары Садыбакасова директор катары аткарган иштерин тизмектеп, эл өкүлүнүн айткандары анын аброюна шек келтиргени үчүн депутаттан кечирим суроону талап кылган.