Катар — 2022: Хорватиянын курамасы Бразилияны утуп алды

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Бразилия менен Хорватиянын курама командалары оюн өткөрдү.

Оюндун негизги бөлүгү 95 мүнөткө созулганы менен эч бир гол жаралган жок. Бирок кошумча берилген убакыттын 106-мүнөтүндө бразилиялык футболчу Неймар эсепти ачты. Ал эми 116-мүнөттө Хорватиянын командасынын оюнчусу Петкович эсепти теңегенге үлгүрдү.

Эсеп 1:1 болуп аяктагандыктан 11 метрлик сокку белгиленди. Жыйынтыгында 4:2 эсебинде Хорватиянын курамасы жеңишке жетип, жарым финалга өттү.

Белгилей кетсек, чейрек финалда дагы үч оюн өтөт:

Аргентина — Нидерланд оюну 10-декабрда саат 01:00дө;
Португалия — Марокко оюну 10-декабрда саат 21:00;
Англия — Франция оюну 11-декабрда саат 01:00.