Zagreb Open: Хорватиядагы мелдеште эки кыргыз кызы катышат

Хорватиянын борборунда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине кыргызстандык эки балбан кыз катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февраль күндөрү өтүп, анда Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) күчүн сынайт.

Турнирге Кыргызстандан башка спортчулар катышпайт.