“Кемпир-Абад иши” боюнча камактагылардын жакындары Шавкат Мирзиёевге кайрылышты

“Кемпир-Абад иши” боюнча камакка алынгандардын жакындары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «ПолтиКлиника» медиасы жазды.

Анда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү каралган макулдашууга каршы пикирин айткан 24 адам 100 күндөн бери камакта отурганы айтылат.

“Бүгүн бул чек ара маселесине чекит коюлат, бирок биздин азап-тозокторубуз качан бүтүп, абактагылар көптөн күткөн эркиндигине качан ээ болоору белгисиз. Түрмөдө эркектер менен бирге алты аял бар, алардын эң улуусу 72 жашта. Албетте, алардын бири да мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө жана чек ара маселесинин чечилишине  эч кандай коркунуч келтире алмак эмес. Мына ушул кайрылуубуз аркылуу сиз кол кое турган келишим биздин көз жашыбызга жуулгандыгын өкүнүч менен эсиңизге салгыбыз келет. Албетте, мындай көрүнүш эки элдин ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана достукту чыңдоого эч кандай салымын кошпойт! Кандай болгон күндө да, биз адилеттүүлүктүн бар экенинен үмүт үзбөй, жакындарыбыздын эртерээк эркиндикке чыгышына терең ишенгибиз келет”, – деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.