“Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму: 8 млн долларлык булгаары өндүрүү боюнча кызматташууга кол коюлду

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарында “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму өткөрүлүп, форумдун алкагында келечектүү бир катар кызматташуу келишимдери түзүлдү.

Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Аталган бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов менен Өзбекстан Республикасынын “Baxodir Log‘on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коомунун (Фергана облусу) жетекчиси Муминжон Юлдашевдин ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу меморандумдарына кол коюлду.
Келишимдин алкагында Нарын облусунда терини кайра иштетүү, иштетилбей турган айыл чарба жерлерин өздөштүрүп, картошка өстүрүү боюнча кластер түзүү иштери колго алынат. Анын негизинде облустун экономикасын көтөрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.