Ысык-Көлдө жол кызматынын кызматкери жолду кумга толтуруп жатып каза болду. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканасына ошол күнү билдирүү келип түшкөн.
ДЭУ ишканасынын Ананьево айылынын тургуну А.О. 1963-жылы туулган ал ХОБО үлгүсүндөгү унаада жолго кум толтурууда иштеп жатып, кокусунан кулап кеткен. Денесинен жаракат алган жабырлануучу Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жаткырылып, ал жерден каза болгон.
Бул факт райондук милициянын маалыматтык электрондук журналына катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
![85139 768x419 1 Ысык-Көлдө кызматкер жолду кумга толтуруп жатып, кулап каза болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/01/85139-768x419-1.jpg)