СҮРӨТ: Валентина Шевченко Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Валентина Шевченко балбан Айсулуу Тыныбекованы Казакстанда өткөн Азия чемпионундагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында көңүл жылытарлык сүрөт жүктөдү.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өткөн кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, жеңишти 9:4 эсебинде утуп, бешинчи ирет чемпион болду.

340836353 946125730065756 2159485088125484817 n СҮРӨТ: Валентина Шевченко Айсулуу Тыныбекованы куттуктады