Эсеп 9:4: Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, жеңишти 9:4 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы, 2017-жылы, 2019-жылы жана 2021-жылы Азия чемпионатында алтын байге алган.