Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатында алтын медалга татыды

Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.