“АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Токмок шаарынын аймагындагы өндүрүш ишканаларынын биринде белгисиз адамдар спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз түрдө өндүрүүнү уюштурушкандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган иш чара этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Бир нече даректерде, анын ичинде Сокулук айылында жана Токмок шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан (“Токмок Буллс” ЖЧК) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 13 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдиктер табылып, алынган
“, – деп айтылат билдирүүдө.


Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды. Кошумчалай кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында 118 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чогултулган далилдердин негизинде жакында Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т., ошол эле ишкананын башкы технологу 1988-жылы туулган И.А. кармалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул фактыга тиешеси бар башка адамдар такталууда.

5973905d 3171 493e 8e3e d79d86794343 “АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды
fce1bf2b ae92 4ec0 b1a5 f75986d8fdb0 “АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды
8a3f931b 1b1f 4db6 a188 8655f8102d8c “АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды
5a459f55 a2e5 4b0c b6a7 27d61dfbec77 “АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды
9b3c5ba1 0024 4fa3 ae63 1828510cab80 “АЮ” компаниясынан 260 тонна мыйзамсыз спирт, маркасы жок 13 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды