Улукбек Карыбек уулу өзүнө козголгон иш тууралуу үн катты

Белгилүү болгондой, быйыл жыл башында Улукбек Карыбек уулу Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген этникалык кыргыздар туш болгон маселелер тууралуу видеоролик чыгарган. Ал берүүдөн кийин блогердин үстүнөн милицияга арыз түшүп, ал 11-январда Ысык-Ата райондук милициясына суракка чакырылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча иш козголгон. Кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу 27-мартта ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.

Андан тышкары, аталган видеодон кийин милицияга Ысык-Ата районундагы айылдардын биринин тургундары арыз жазып, анда блогер улуттар аралык кастыкты козутуп жатканын билдиришкен. Аталган арыз каттоого алынып, Улукбек Карыбек уулунун видеодогу сөздөрү боюнча экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертиза блогердин айткандарында улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөр жок экенин аныктаган. Ага байланыштуу түшкөн арыз боюнча кылмыш ишин ачуудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарылган.