“25 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген”: “Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн КР мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Токмок шаарындагы “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу боюнча маалыматтар келип түшкөн. Анда, бир катар үйлөр “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган, келтирилген зыян алдын ала алынган маалыматтар боюнча 25 миллион сомдон ашык сумманы түзөгөн.


“Жеке үйлөрдү борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуунун жагдайларын аныктоо боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө 55 миллион сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын ашыкча чыгымдоо жана республикалык бюджеттен 49 миллион сомдон ашык бөлүнгөн каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу боюнча башка мыйзам бузуулар аныкталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана Токмок шаарындагы “Токмок жылуулук” МИге жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт”
, – деп айтылат Башкы көзөмөл кызматынын маалыматында.

e0cdaa07 aa97 4ace 94d6 ee4e2a8f613a "25 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген": “Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды
48913e0f 1fde 408f a2f8 88daf05f43bf "25 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген": “Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды
c7fb0dd1 01e3 4220 9ec5 ae4da226ee2a "25 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген": “Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды