Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалында

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 13 медаль топтолду.

Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалында