Улан Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 14-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Мындан тышкары, жолугушууга Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кичи-элчиси Гендендарам Эрдэнэбат катышты.
“Улан Ниязбеков Ганхуяг Содном мырзага Ички иштер министрлигине болгон иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, монгол тарап менен кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.
Жолугушууда укук коргоо иши жаатындагы кызматташтыкты жана маалымат алмашуу боюнча кызматташууну арттыруу талкууланды.
Өз кезегинде, Ганхуяг Содном мырза өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады”, – деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-монгол мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды.

f88f8bc1 6f24 462d 8dca 6595aa381a19 Улан Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту
aa26c807 54a5 47f6 a770 634bc476a2f4 Улан Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту