Кызыл-Кыяда унааларга таш ыргыткан балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды

Кызыл-Кыя шаарында 13-апрель күнү түнкү саат 01.35 чамасында белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен ургулап, абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну жол четинде токтотуп койгон автоунааларына таш тийип, зыянга учурагандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган.
Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы ээнбаштыкты уюштурганга шектелип Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 16 жаштагы Р.А. аттуу өспүрүм бала аныкталып, жактоочусунын катышуусунда сурак берип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Учурда тергөө иштери уланууда.