Курманкул Зулушев: 2023-жылы 9 курулуш компаниясына 55 кылмыш иши козголгон

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчету каралды.

Талкуу маалында депутаттар ар кыл тармактарда орун алган мыйзам бузууларды белгилеп, айрым коррупциялык жагдайларга көңүл бурушту. Айрыкча мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча прокуратуранын ишин күчөтүү зарылчылыгына токтолушту.

Эл өкүлү Дастан Бекешев мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөрдү куруп, муну менен жарандарга материалдык зыян келтирип жаткан курулуш компанияларынын жоопкерчилиги тууралуу маселени ортого салды. Өз кезегинде Курманкул Зулушев быйыл 9 курулуш компаниясына 55 кылмыш иши козголгонун айтып, алардын көпчүлүгү тиешелүү документтери жок жерге объекттерди курууга байланыштуу экенин белгиледи.

«Айрым курулуш компанияларынын ээлери качып жүрүшөт. Үй салышса да сапаты начар. Айрым фактылар боюнча чындап эле Башкы прокуратура чара көрүп жатат. Ал эми кээ бирлери үчүн Жарандык кодекске таянып, ишти карай алышпайт», — деди Башкы прокурор.

Ал кылмыш иши козголгон бир катар курулуш компанияларын атады.

«KG ГРУПП» курулуш компаниясына карата козголгон эки кылмыш иши сотко өттү. «Оргтехстрой» боюнча беш иш тергөөдө, «Феркас Строй» ЖЧКсы боюнча 18 иш кыскартылды, «ТСТ-Сервис Строй» компаниясына ар кандай себептер менен беш кылмыш иши козголгон. TS Group курулуш компаниясына кылмыш иши козголгон, бирок тергөөнүн жыйынтыгында иш кыскартылган», — деди Зулушев.

Кылмыш иши козголгон курулуш компаниялардын тизмесинде башкы прокурордун айтымында, «Квартал строй» курулуш компаниясы дагы бар.