Шакиевдин Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо тууралуу кат жолдогону талкууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турганда башкы прокурор Курманкул Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо тууралуу кат жолдогону тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев билдирди.

Анын айтымында, айрым маалымат каражаттарында жана интернеттеги баракчаларда Нурлан Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тарап жатат.

«Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан төраганын атын жаманатты кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз», — деп жазды Деркембаев.

photo 5381811897445238161 y Шакиевдин Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо тууралуу кат жолдогону талкууда
photo 5381811897445238162 y Шакиевдин Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо тууралуу кат жолдогону талкууда