Сербияда ок атуудан 8 киши каза болду

Сербиянын Младеновац аймагындагы Дубона айылында болгон ок атуудан сегиз киши каза болуп, дагы 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу «Вечерние новости» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында эрезеге жете элек балдар да бар. Жаракат алган жети кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Окуя 4-май күнү кечинде болгон. 21 жаштагы тургун жергиликтүү мектептин короосунда достору менен уруша кетип, үйүнөн Калашников автоматын алып келип ок чыгарган. Андан соң ал автоунаасына отуруп, аймактагы башка адамдарды да аткылаган.

Кол салган адам кармалды. Аны колго түшүрүү операциясына укук коргоо органдарынын 600дөн ашык кызматкери тартылган.

Сербиянын ички иштер министри Братислав Гашич бул окуяны террордук акт деп мүнөздөдү.

3-майда Белградда 14 жаштагы окуучу мектепте ок чыгарып, тогуз киши өлгөн – сегиз окуучу жана кароолчу. Бул окуяга байланыштуу Сербияда 5-7-май күндөрү аза күтүү жарыяланган.