Глобалдык COVID-19 чукул кырдаал аяктаганы жарыяланды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс 2020-жылдан бери глобалдык COVID-19 чукул кырдаал аяктаганын жарыялады.

Маалым болгондой, ДСУ 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Ал 3 жыл 1 ай 24 күнгө созулду.

«Өзгөчө кырдаалдар комитетинин 15-жыйыны өттү жана мага эл аралык маанидеги (COVID-19) коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалды токтотууну жарыялоону сунуштады. Мен бул сунушка макул болдум»,-деди Гебрейюс.

Гебрейюс ошондой эле пандемия учурунда ДСУнун маалыматы боюнча 20 миллион адам коронавирустан каза болгонун кошумчалады . Ал белгилегендей, бул ар кайсы өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан расмий эсепке алынган каза болгондордун санынан көп – 6,9 миллион адам. Бул убакыт аралыгында ооруга чалдыккандардын саны 765,2 млн.

Өзгөчө кырдаалдар комитети каза болгондордун, ооруканага жаткырылгандардын, анын ичинде реанимация бөлүмдөрүнө жаткырылгандардын санынын төмөндөө тенденциясын жана калктын SARS-CoV-2ге каршы иммунитетинин жогорку деңгээлин белгиледи.