Жээнбек Кулубаев индиялык кесиптеши Субраманям Жайшанкар менен жолугушту

5-майда Панажи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев индиялык кесиптеши Субраманям Жайшанкар менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-индия кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиленди.

Министр Кулубаев фармацевтика, айыл чарба, медициналык туризм, индиялык студенттерди Кыргызстанда окутуу жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп, ошондой эле банктар аралык кызматташуу, гранттык долбоорлорду, кредиттик линияны ишке ашыруу, Кыргызстанда Индиянын ооруканаларынын толук кандуу өкүлчүлүктөрүн ачуу жана башка маселелер жаатында кыргыз-индия кызматташтыгынын жаңы багыттарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлер президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 3-4-июлунда Нью-Дели шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Индияга боло турчу иш сапарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты, анын ичинде аймактык коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу үчүн тыгыз өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу зарылчылыгын баса белгилешти.