Дүйнө чемпионаты: Будажапов 1/8 финалга чыкты 

Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов (79 кг) биринчи беттешин ийгиликтүү өткөрдү.

Ал килем үстүнө бүгүн, 15-сентябрда чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштады. Биринчи кармашында ал франциялык балбанды жеңип алды.