“Колунда жок үй-бүлөнүн балдары айып пулду кантип төлөйт?” ,- депутат

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. 

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоордо педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан жана айып пул чегерүү маселеси каралган.

Талкууда депутат Дастан Бекешев “Мирлан мырза, мен сизди сыйлам. Бирок, ыр менен мыйзам жазгандын  айырмасы чоң да. Юридикалык тил менен айтсак, бул конституцияга туура келбейт”, — деди.

Ошондой эле, ал “колунда жок үй-бүлөнүн балдары айып пулду кантип төлөйт?” – деген кооптонуусун айтып, “Мугалим менен окуучунун ортосунда түзүлгөн талаштуу жагдайды кантип далилдейбиз? Менимче мыйзам иштебейт”, – деген пикирин билдирди.